БИШКЕК, 23-дек. — Sputnik. Россиялык ырчы Филипп Киркоров Бишкек шаарына концерт менен келет. Бул тууралуу ырчынын продакшн компаниясы билдирди.
Ырчынын "Я" аттуу концерти 24-февраль күнү Кожомкул атындагы спорт сарайында өтмөкчү.
Киркоровдун концертин уюштурууга жардам берип жаткан Бишкектеги компания өзгөчө шоу концерт болорун кошумчалады.
"Заманбап техника, 3D-графика фонтан жана лифттер коюлуп, жүздөгөн костюмдар кийилет. Бишкектиктер 2,5 саат өзгөчө шоуго күбө болот", — деп жазылат маалыматта.
Концертти атактуу режиссер Франко Драгоне коюп, бийчилерди Киркоров жеке өзү тандаган.