Алдын ала жыйынтык боюнча референдумду колдоп шайлоочулардын 80 пайызы добуш берген

© Sputnik / Табылды КадырбековИтоги голосования на выборах в местные кенеши и референдум в Бишкеке
Итоги голосования на выборах в местные кенеши и референдум в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Референдум үчүн 2 миллион 852 миң кишинин добуш берүү укугу бар болчу.

БИШКЕК, 11-дек. — Sputnik. Алдын ала жыйынтык боюнча референдум үчүн добуш бергендердин 80 пайызы ага өзгөртүү киргизүүнү колдогонун БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова билдирди.

Голосование на выборах в местные кенеши и референдум в селе Арашан - Sputnik Кыргызстан
Аймактардагы добуш берүү — жаңы урналар иштебей, эскилери колдонулуп жатат
Бүгүн Конституцияга өзгөртүү киргизүү боюнча референдум өттү. Ага 2 миллион 852 миң кишинин добуш берүү укугу бар болчу.

Алдын ала маалыматтар боюнча референдумга 1 миллион 191 миң (42,07 пайыз) киши добуш берген.

Шайлдабекованын айтымында, шайлоочулардын 80 пайызы референдумду колдосо, 16 пайызы каршы добуш берген.

"Булар алдын ала маалыматтар, алар такай толукталып, жаңыланып турат", — деди ал.

Дээрлик бардык шайлоо участкаларынан маалыматтар келип түштү. Болгону 30-40 шайлоо участкасынан келген маалыматтар эсептелгенин Шайлдабекова баса белгиледи.

Баш мыйзамда эмнелер өзгөрүп жаткандыгын Sputnik Кыргызстан инфографикасынан көрүңүздөр>>

Жаңылыктар түрмөгү
0