БИШКЕК, 8-дек. — Sputnik. Бүгүн түнү Бишкектин Чыңгыз Айтматов проспектиси менен Түштүк магистралында жол кырсыгы катталганын Бишкек шаардык ИИБдин Кайгуул милициясы билдирди.
Маалыматка ылайык, кырсык түнкү саат 02.00 чамасында катталган.
"А.Ч. аттуу айдоочу өзүнүн Honda Fit унаасын менен Айтматов проспектиси менен түштүк тарапка бараткан. Көчөнүн Түштүк магистрал менен кесилишкен жеринен Mitsubishi Montero унаасы менен кагышкан. Анын кесепетинен төрт адам жабыркады", — деп айтылат билдирүүдө.
Эки унаанын тең жүргүнчүлөрү жабыр тарткан.
Honda Fit унаасынын айдоочусу А.Ч. далысынан жаракат алып, шаардык Травматология жана ортопедия илимий-изилдөө борборуна жеткирилди. Учурда ал кайра жандандыруу бөлүмүндө.
А.Ч. мас абалда экени, анын унаасында милиция кызматкери болгону айтылууда, бирок милиция кызматкери рулда болгонбу же жокпу белгисиз.
Иликтөө иштери жүрүп жатат.