БИШКЕК, 8-дек. — Sputnik. Президенттин иш башкармалыгынын Мамлекеттик имараттар боюнча департаменти күзөт агенттиктеринин кызматы үчүн тендер жарыялады.
Мамлекеттик сатып алуулар порталына жарыяланган маалыматка караганда, аталган департамент күзөтүү кызматы үчүн 7 миллион 636 миң 080 сом сарптоого даяр.
Тендер 7-декабрда жарыяланып, мөөнөтү 29-декабрда аяктайт.