БИШКЕК, 8-дек. — Sputnik. Гроздь айылында 2017-жылы жаңы көрүстөн ачылаарын Бишкек мэри Албек Ибраимов маалымат жыйынында билдирди.
40 жыл мурун ачылган түштүк-батыш көрүстөнү эчак толуп калган. Бишкек мэриясы аны бир нече жыл мурда эле жаап, борбордон 20 чакырым алыстыкта жайгашкан Гроздь айылынын жанынан жаңы көрүстөн ачууну пландаган.
Вице-мэр Эркин Исаковдун айтымында, жаңы көрүстөнгө суу жана электр жарыгы жеткирилди. Учурда жолдун сапаты боюнча маселелер чечилүүдө.
Маалыматта айтылгандай көрүстөн келаткан жылы ачылат.