БИШКЕК, 2-ноя.— Sputnik. "Ыйман" диний маданиятты өнүктүрүү фонду тарых жана маданият жылына карата кыргыз тилинде "Кун Фу Зы" (Конфуций) китебин чыгарды. Бул тууралуу аталган фонддун жетекчиси Нуржигит Кадырбеков маалымады.

Кыргыз тилинде "Кун Фу Зы" (Конфуций) китеби
© Фото / пресс-служба фонда "Ыйман"
Китепте дүйнөлүк даанышмандардын жана ойчулдардын бири Конфуцийдин өмүр таржымалы кыскача берилип, адамгерчилик, айкөлдүк, бийлик, салт-санаа, нарк-насил, илим-билим, ажал, достук, милдет, маданият, тарых тууралуу айткан накыл кептери камтылган.
"Кыргыз окурмандары да анын кеп-кеңешинен руханий азык алат деген ишеничтемин. Китеп жөнөкөй, жатык тил менен жазылып, окурмандарды өзүнө бат тартып алат", — деди Нуржигит Кадырбеков.
Китепти публицист жана журналист Эрнис Асек уулу түздү.
