БИШКЕК, 28-окт.— Sputnik. Ысык-Көл облусунун Бактуу-Долоноту айылында денесине бир нече ирет бычак жеген кыздын өлгөн денеси табылды. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына ИИМ маалымат кызматы билдирди.
Окуя жакында эле катталган. Каза болгон 19 жаштагы кыз аталган айылда башталгыч класстарга сабак берчү. Маалыматтар боюнча кыздын денесине болжол менен 11 жолу бычак сайгандан кийин кылмышкер качып кеткен.
Бирок кызды өлтүрүүгө шектелген адам ошол күнү эле кармалган. 24 жаштагы жаранга мурда бейбаштык боюнча кылмыш иши козголгон эле.
"Иликтөө иштери бул киши каза болгон кызга жабышып жүргөнүн аныктады. Бирок кыз аны жактырчу эмес. Кырсык болгон күнү кармалган адам кызды жолугушууга чакырган", — деди милиция кызматкерлери.
Учурда аталган адамга карата кылмыш жаза кодексинин 97-беренесинин (ырайымсыздык менен киши өлтүрүү) негизинде кылмыш иши козголду.