Бишкек студиясынан "Замандаш" ассоциациясынын, Мамлекеттик миграция кызматынын өкүлдөрү катышты. Астанадан Казакстандын миграциялык полиция кызматынын жана "Кыргызстан — Астана" этномаданият бирикмесинин өкүлдөрү болушту. Ал эми Москвадагы студиядан диаспора менен КРдин Москвадагы элчилигинен өкүлдөр келишти.
Россия полициясы тарабынан жүргүзүлүп жаткан рейддер, мигранттарга көрсөтүлгөн укуктук жардам талкууланды. Андан сырткары, "кара тизме" көйгөйү да каралды.