БИШКЕК, 28-окт. — Sputnik. Борбор калаадагы социалдык объектилерге жылуулук берүү иштери уланууда. Бул тууралуу Бишкек мэриясы билдирди.
Маалыматка ылайык, 24-25-октябрь күндөрү шаардагы №17, №14 орто мектептерге жылуулук берилген.
"Жукеев-Пудовкин көчөсүндөгү жылуулук куурлары оңдолуп жаткандыктан №120 бала бакчасына 1-2-ноябрь күндөрү жылуулук берилет", — деп жазылат маалыматта.
Мындан сырткары, Тез жардам станциясында дагы жылуулук куурлары оңдолуп, эки күн ичинде маселе чечилет, деп жазылат маалыматта.