00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:00
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
С Наталией Князевой
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
6 мин
Экономикалык панорама
Мейманкаларга жылдыз берүүнү мамлекет аныктап, тейлөөчү кызматкерлер окутулат. Турситтик тармактын экономикалык мүмкүнчүлүктөрү
19:07
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Особый акцент
Обязательная доля: кому закон присудит наследство вопреки вашей воле - объясняет юрист
20:06
42 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
6 мин
Ачык кеп
«Кыргызстанда жасалган» товардык белгисин берүү укугу Соода өнөр-жай палатасына берилди — эмне өзгөрөт?
21:07
48 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Баланы өлүмгө түрткөн 10 миң сом чыры. Шерзаттын кейиштүү өлүмү. Шектенген тараптар

Жазылуу
Сузак районундагы 9-класстын окуучусу Шерзат Алимбековду өзүнүн үйүндө асылып калган жеринен 23-октябрь күнү атасы Талант Алимбеков чечип алган. Атасы аны көзүнүн тирүүсүндө табууга жетишкени менен, тилекке каршы, бала аймактык ооруканага жетпей каза болгон.

Апасын сагынып, сөйкөсүн сатып Россияга камынган кыздын таенеси окуя тууралуу айтты - Sputnik Кыргызстан
Апасын сагынып, сөйкөсүн сатып Россияга камынган кыздын таенеси окуя тууралуу айтты
Өзүнүн жанын кыюуга барган баланы жергиликтүү тургундун арызынын негизинде 10 миң сомун уурдап алды деген шек менен милиция суракка алган.

Ал эми милициянын маалыматында баланын атасы келтирилген чыгымды төлөп берип, эки тарап өз ара түшүнүүгө келген.

Бирок ал окуядан кийин мектеп окуучусу атасына кат жазып калтырып, анда уурулукка барбаганын, ак экенин айткан. Ал эми жанынан табылган акчаны маңдай тери менен – бирөөнүн ажатканасын казып тапкандыгын жазып кеткен. 

Каттан кийин баланы өз үйүндө асылып калган жеринен атасы 23-октябрь күнү түшкө жуук чечип алган. 

"Көрүп калып чуркап келип эле чечип алып жерге жаткырдым. Бирөө жарым барбы деп көчөгө чыгып, кыйкырдым. Жасалма дем алдырсам, колдору муздап калыптыр", — деп айтып берди атасы Талант Алимбеков.

Ал эми көзүнүн жашын тыя албаган энеси катты улам окуп, жаман болуп отурду.

Сымкат айылында уурулукка шектелип муунуп алаган Шерзат Алимбеков - Sputnik Кыргызстан
Сузак: асынган бала өлөр алдында окуя кандай болгонун айтып берүүгө үлгүргөн
Биздин колубузга тийген видеодо каза болгон баланын тирүү кезинде урду-соктуга алынганын айтып берип жатканы бар. Видеодогу айтылган кептерге караганда, ал баланын өлүмүнөн эки күн мурда тартылган. 

Бала анда түнкү саат экилерге чукул акча уурдады деген кишинин уулу аны бакка алып барып алып сабагандыктан, коркуп кетип коюлган айыпты мойнуна алгандыгын айтып берген.

Ал эми жанынан табылган каражатты өзү иштеп тапканын билдирген.

Sputnik Кыргызстан экинчи тарап менен байланышканда кол көтөрдү делген Кубаныч Токтосунов баланы ал эмес, атасы урду деген маалыматты айтты.

"Шерзатты бакка, мүрзөгө алып барып урган эмесмин. Жалган. Баласы бир мылтыкты алдым дегенде атасы милициянын көзүнчө эки-үч жолу урган. Милициядан келе жатканда Ардак атуу акесинен эмне болуп жатат деп сурасам, ата-энеси ызы-чуу кылып баланы уруп жатат, чыдабай чыгып кеттим деп айткан", — деди Кубаныч Токтосунов.

ИИМ бул окуя боюнча материалдар Сузак районунун ички иштер бөлүмү тарабынан соттук-медициналык экспертизага жөнөтүлгөнүн билдирди. Аталган органдан азырынча кылмыш иши козголо электигин маалымдашты.

Сузактагы окуучу баланын асынып өлгөн окуясынын чоо-жайын Sputnik Кыргызстан агенттиги даярдаган материалдан окуңуз>>

Жаңылыктар түрмөгү
0