Сузак: асынган бала өлөр алдында окуя кандай болгонун айтып берүүгө үлгүргөн

© Фото / Талгат БакиевСымкат айылында уурулукка шектелип муунуп алаган Шерзат Алимбеков
Сымкат айылында уурулукка шектелип муунуп алаган Шерзат Алимбеков - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Уурулукка шектелгенден кийин муунуп өлгөн өспүрүмдүн көзүнүн тирүү кезинде аны доогердин баласы сабаганын айтканы видеого тартылып калган. Бирок экинчи тарап өспүрүмдүн билдирүүсү калп экенин айтып жатат.

БИШКЕК, 26-окт. — Sputnik. Учурда Сузакта өзүнүн өмүрүнө кол салып о дүйнөгө узаган өспүрүмдүн каты менен видеосу талаш жаратып турган кез. 

Эскерте кетсек, 23-октябрь күнү Сымкат айылында уурулукка шектелген өспүрүм үйдүн короосунда муунуп калган. Атасы аны көзүнүн тирүүсүндө табууга жетишкен, бирок бала аймактык ооруканага жетпей каза болгон. Маркумдун апасы Москвада эмгектенип келет. 

"Короодон баламдын жипке асылып турганын көрдүм. Чуркап барып жиптен бошотуп жерге жаткырдым. "Эл-журт, эл-журт" деп кыйкырсам эч ким жок. Чуркап эле көчөгө чыктым. Эки жаш бала келип баламды көтөрүшүп унаага салышты. Жасалма дем алдырдым, жардам бербеди. Колдору муздап калыптыр", — деп муңканды өспүрүмдүн атасы Талант Алимбеков. 

Кан жуткан ата баласы Шерзаттын тирүү маалындагы билдирүүсүн видеого тартып алганын билдирди. Анда Шерзат доогердин баласы тарабынан сабалганын айтып берген. 

"Бакыт байкенин баласы түнкү саат экиде үйдүн жанынан мени унаасына салып кетти. Ал бактын жанына алып барып мени сабаган болчу. Көзүм караңгылашып кеткенде, өлтүрүп коет деп коркуп күнөөнү мойнума алгам", — деп Шерзат камерага сүйлөп берген. 

Анда баланын көзү-башы көгөрүп калганы тартылган. Өспүрүм таштап кеткен акыркы катына дагы доогер Бакыт Токтосуновдун баласы тарабынан сабалганын жазган. 

© Фото / Талгат БакиевӨз жанын кыйган баланын жазып таштап кеткен каты
Суицид 14-летнего парня в Сузаке - Sputnik Кыргызстан
Өз жанын кыйган баланын жазып таштап кеткен каты

"Ата, мен Бакыт байкенин бир сомун дагы, мылтыгын дагы алган эмесмин. Эгер аны алып алсам кантип көтөрүп жүрмөк элем. Жанымдагы 3900 сомдун эки миңин ажаткана казып тапкам. Калганын мурда чогулткам. Мени Бакыт байкенин баласы сабагандыктан күнөөнү моюндагам. Ата сиз мени ууру деп ойлобоңуз. Мен акмын. Ата, мен азыр апамды эле күтүп жүрөм, 2-3 күндөн кийин келсе апамды бир көрсөм эле болду", — деген катты Шерзат өлөр алдында таштап кеткен. 

Ал эми Токтосуновдун баласы Кубаныч Токтосунов Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигинин аймактык кабарчысына ага карата айтылган айыптоолор карандай калп экенин билдирди. 

"Мен Шерзатты бакка алып барып урган эмесмин. Мунун баары жалган. Атасынын айтканы дагы калп. Бала милицияга барганда күнөөсүн моюндаган. Ошондо атасы баарыбыздын көзүбүзчө Шерзатты эки-үч жолу чаап жиберген. Кийин Ардак деген байкесинен "эмне болуп жатышат" деп сурасам "энеси менен атасы ызы-чуу салып баланы сабашты. Мен чыдабай чыгып кеттим" деп мага айткан", — деп билдирди Токтосунов. 

Инцидент со смертельным исходом между ефрейтором-контрактником в войсковой части в Ошской области - Sputnik Кыргызстан
Ошто мушташтан өлгөн аскердин агасы: инимди мыкаачылык менен өлтүрүшүптүр
Бул окуяга карата акыйкатчы Кубат Оторбаев Жалал-Абад облусундагы Акыйкатчы институтунун өкүлчүлүгүнө бардык материалдарды чогултуу тапшырмасын берди. 

"Укук коргоо органдары баланы ата-энеси же жактоочусу жок суракка алганын маркумдун туугандары айтып жатат. Ошондой эле баланын денесинде көк ала тактар бар экени аныкталган. Бул далилдерге ылайык Башкы прокуратура дыкат иликтөө жүргүзүүсү шарт", — деп билдирди Оторбаев. 

Чуу жараткан окуя иликтенип жатканы тууралуу Ички иштер министрлиги билдирүү таратты. 

"Учурда материалдар Сузак районунун ички иштер бөлүмү тарабынан соттук-медициналык экспертизага жөнөтүлдү. Мындан тышкары, райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан жасалган аракеттер канчалык деңгээлде мыйзамдуу экенин ИИМ иликтөөгө алмай болду", — деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, аталган иш боюнча кылмыш иши козголо элек. Азыркы тапта соттук-медициналык экспертизага жөнөтүлгөн материалдардын жыйынтыгы күтүлүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0