БИШКЕК, 25-окт. — Sputnik. World Press Photo 2016 конкурсун жеңип алган Sputnik агенттигинин фотожурналисти Владимир Песня бир апта бою аталган конкурстун Instagram баракчасын башкарат.
30-октябрга чейин Песня социалдык тармактын колдонуучуларына өз эмгектерин сунуштайт.
"Мен баракчанын катталуучуларына өзүмдүн эмгектеримди сунуштап, дүйнөнү менин көз карашым менен көрсөтөм. Биринчи болуп "Үмүт поезди" деген сүрөтүмдү жүктөдүм. Бизге кошулуңуздар", — деди сүрөтчү.
Владимир Песня 2016-жылдын февраль айында абройлуу делген World Press Photo 2016 сыйлыгын жеңип алган. Песнянын спорт темасындагы хоккейчилердин сүрөтү байге алып келген.
World Press Photo – эл аралык абройлуу сынак. Ага үстүбүздөгү жылы 128 өлкөдөн 5 миңден ашуун эмгек ат салышкан.
Sputnik бренди алдында күнү-түнү бою англис, испан, араб, кытай тилдеринде жаңылык түрмөктөрү чыгып турат. Вашингтондогу, Каирдеги, Пекиндеги жана Монтевидеодогу аймактык редакциялар жаңылыктарды үзгүлтүксүз чыгарып туруу үчүн 24/7 режиминде иш алпарат.
Sputnik агенттигинин фотокызматы – бүткүл дүйнө боюнча фотококабарчылардын түйүнү.