00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
5 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
14:55
5 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Экономикалык панорама
17:04
42 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
5 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
2 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
7 мин
Көз мончок
Жаңы жылдык дасторконду даярдоодо эмнелерге маани берүү керек? — менюну эртерээк ойлонуңуз
17:08
50 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Ремонт дорог, новые виды транспорта и смог — интервью с мэром Бишкека Айбеком Джунушалиевым
18:07
57 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
7 мин
Стоп-кадр
Айым режиссерлордун VI форуму кандай жыйынтыкталды?
19:08
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
6 мин
Личный интерес
Безопасность СНГ: ветеран спецслужб о ключевых решениях заседания ОДКБ
20:07
46 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
“Кыргызфармация” мамлекеттик ишканасы 2024-жылы 497 миллион сом каражат үнөмдөдү
21:04
41 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Ак-Сууда жерге берүүдө чыр чыккан жаранды айылдан алысыраак жерге көмүү каралууда

© AFP / KENZO TRIBOUILLARDМүрзө. Архив
Мүрзө. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Дин жаатындагы адамдар башка диндегилер көз жумса мусулмандардын мүрзөсүнөн жаа атым алыс жерге коюлушу шарт деп түшүндүрүшкөн.

БИШКЕК, 22-окт. — Sputnik. Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы Теплоключенко айылында башка динди тутунган аялдын сөөгү аталган аймактагы мусулмандар көмүлгөн мүрзөдөн эки чакырым алысыраак аймакка коюу каралууда. Бул туурасында Ак-Суу районунун акими Жолдошбек Байсейитов билдирди.

Кечээ Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы Теплоключенко айылында башка динди тутунган аял каза болгон. Анын сөөгүн мусулмандар мүрзөсүнө көмүүгө мусулманчылыкты кармаган айылдыктар каршы чыкканын облустун казысы Алмаз Сагындыков билдирген. 

"Бул жердеги мечиттеги имамдар менен сүйлөшүп көрсөк, жаа атым алыс жерге коюлушу керек деп айтылат экен. Бул 500 метр аралык деген түшүнүк. Биз эки чакырым алыстыктагы жерди көрсөттүк. Коммиссия түзүп, айылдын жер боюнча адистери, мечиттин молдолору жана маркумдун туугандары учурда ал жакка кетти", — деп билдирди аким Байсейитов.

Аким ал жергиликтүү жаран болгондуктан, ошол аймакка көмүүгө эл каршы чыкпайт деп ишенип турганын айтты.

"Өзүбүздүн кыз болгондон кийин, эл деле туура түшүнөт. Ал ушул жерге эле коюлат", — деди аким.

Буга чейинки жалпыга маалымдоо каражаттарына чыккан маалыматта ал аял баптиксттик агымга мүчө болгондугу айтылган.

Мусулмандар мүрзсөсү. Архив - Sputnik Кыргызстан
Көр азабы. Эки метр жер буюрбаган эне үч жолу көмүлдү
Буга чейин да кыргыз айылдарында башка динди тутунган адамдарды жерге берүүдө бул сыяктуу көрүнүш жакында эле Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунда кездешкен.

Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районундагы Сары-Таш айылында 13-октябрда христианчылыктын баптист агымын карманган 76 жаштагы кемпир каза болгон. Анын сөөгүн жергиликтүү тургундар айылдагы мүрзөгө койдурбай коюшкан. Бир топ талаш-тартыштан кийин маркумдун сөөгү Өрүктү айылында жерге берилген. Бирок бул айылдын да жашоочулары нааразычылык көрсөткөндө каза болгон жарандын туугандары сөөктү казып алышкан. Ошентип жергиликтүү бийликтин кийлигишүүсү менен 17-октябрда маркум Ала-Бука районундагы башка жерге үчүнчү жолу жашырылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0