БИШКЕК, 18-окт. — Sputnik. Жалал-Абад облусундагы Ала-Бука районунун Сары-Талаа айылынын 76 жаштагы тургуну үчүнчү жолу жерге берилди. Бул тууралуу Ала-Бука районунун акиминин орун басары Калчабү Үсөнбаева Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.
Эске салсак, 13-октябрда каза болгон жаран христианчылыктын баптист агымын карманып келген. Андыктан 14-октябрда анын сөөгүн жергиликтүү мүрзөгө койдурууга айыл тургундары каршы чыгып, маркумдун сөөгү Өрүктү айылында жерге берилген. Бирок бул айылдын да жашоочулары нааразы болуп, 17-октябрда маркумдарын жакындары сөөктү казып алышкан. Ушул эле күнү кемпир Ала-Бука районундагы башка жерге көмүлгөн.
Үсөнбаева учурда жергиликтүү тургундарга түшүндүрүү иштери жүрүп жатканын билдирди.
"Азыр айыл элине түшүндүрүү иштери жүрүп жатат. Учурда жергиликтүү тургундар тынч", — деди ал.
Башка диндин өкүлдөрүн мусулмандардын көрүстөнүнө койдурбоо аракети буга чейин да Ала-Бука районунда болгон. Ушундай эле көрүнүш Нарын облусунун Ак-Талаа районунда да кездешкен.