БИШКЕК, 19-окт. — Sputnik. Сауд Аравиянын бийлиги шейшемби күнү Каролдук үй-бүлөнүн мүчөсү Турки бен Сауд Аль Кебира канзаадасын өлүм жазасына тартканын РИА Новости "Аль-Арабия" телеканалына шилтеме берүү менен жазып чыкты.
Билдирмеге караганда, канзаада өз досун үч жыл мурун өлтүрүүгө айыпталган.
Тергөө иштери канзаада Эр-Риядда эс алуу учурунда Адил аль-Мхемида аттуу досун атып, дагы бир адамды жарадар кылганын аныктаган. Канзаада тарабынан жасалган кылмыш чоң резонанс жараткан.
Өлүм жазасын Сауд Аравиясынын жогорку жана апелляциялык соту чыгарды.
Каролдук үй-бүлөнүн мүчөсүнө мындай жаза колдонуу Аравиянын монархиялык тарыхында биринчи жолу болуп жатат.