БИШКЕК, 13-окт. — Sputnik. Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев "өзүн кыйла жакшы сезип калды" деген Дарига Назарбаеванын сөзүн Sputnik Казакстан жазып чыкты.
"Абалы кыйла дурус", — деди Назарбаева сенаттын жыйынынан соң журналисттердин суроосуна жооп берип жатып.
Шейшемби күнү, 11-октябрда Акорданын маалымат кызматы Назарбаев суук тийгенден улам дарыланып жатканы тууралуу билдирүү тараткан. Өлкө башчынын маалымат катчысы Айдос Укибайдын айтымында, президенттин саламаттыгы үчүн кооптонууга эч негиз жок.