БИШКЕК, 13-окт. — Sputnik. Эл аралык "Манас" аэропорту күйүүчү май сатып алуу үчүн тендер жарыялады.
Мамлекеттик сатып алуулар порталына жарыяланган маалыматка караганда аэропорт Аи-92, Аи-80 жана дизель майын сатып алуу үчүн 8 миллион 680 миң 480 сом сарптоого даяр.
Тендер 12-октябрда жарыяланып, мөөнөтү 2-ноябрда аяктайт.