БИШКЕК, 5-окт. — Sputnik. Референдум жөнүндөгү мыйзам долбоору тармактык комитеттин кароосуна кайра кайтарылды. Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматы билдирди.
Эске сала кетсек, аталган маселе кечээ күнү Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана регламент боюнча комитетинде каралып, экинчи окууга кайтаруу сунушу киргизилген.
Аталган сунуш бүгүн парламентте добушка коюлуп, көпчүлүгү жактырды. Ошентип референдум жөнүндө мыйзам долбоорун талкуулоо үчүн парламенттик уктуруу 10-октябрга белгиленди.