БИШКЕК, 5-окт. — Sputnik. Ишкерлердин консорциуму Бишкек шаарына жол, көпүрө жана туннель курууга кызыкдар. Бул тууралуу муниципалитет билдирди.
Маалыматка ылайык, бүгүн мэр Албек Ибраимов Иран, Испания, Монголия, Казакстанда иштеп бир консорциумга бириккен инвесторлор менен жолукту.
Иш-чарага катышкан инвесторлор долбоорлору тууралуу кеңири маалымат берип, Бишкек шаарында көпүрө, туннель жана жаңы жолдорду курууга кызыкдар экенин айтышты.