БИШКЕК, 5-окт. — Sputnik. Бейшембиде жылуу аба ырайы сакталат. Бул тууралуу Кыргызгидрмет билдирди.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге жетет.
Бишкекте абанын түнкү температурасы 4…6 градус, күндүзгү жогорку температурасы 20…22 градус жылуу болушу күтүлөт.
Ош шаарында да жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын түнкү төмөнкү температурасы 7…9 градус, күндүзгү жогорку температурасы 20…22 градус жылуу болот.
Нарын облусунда жана Чуй, Ысык-Көл, Талас облустарынын тоолуу райондорунун айрым жерлеринде жаан жаайт.