БИШКЕК, 5-окт. — Sputnik. Президент Алмазбек Атамбаев Тажикстандын лидери Эмомали Рахмонду туулган күнү менен куттуктады. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.
Куттуктоодо кыргыз-тажик мамилелери өнүгүп жаткандыгы айтылат.
"Сиздин жардамыңыз менен эки өлкөнүн ортосундагы жакшы мамиле курулганы талашсыз. Мындан ары да ошол мамилелер сиздин артыңыз менен ысык бойдон сакталат деп ишенем", — деп айтылат куттуктоодо.
Эске сала кетсек, Эмомали Рахмон быйыл 64 жашка чыкты.
Куттуктоонун соңунда мамлекет башчы Эмомали Рахмонго чың ден соолук, мамлекеттик ишине ийгилик каалады.