Жалгыз аял кантип жалпы республикалык сынак өткөрөрүн Асел Даниярова менен жолукканга чейин эки күн бою сөз кылдык. Россиянын борборунда он күн жашоо канча турарын эсептеп, ага билеттин баасын кошуп, анан өлкөдөгү орточо пенсия менен салыштырып көрдүк.
— Сиз таланттуу мугалимдерди издеп таап, аларды өз эсебиңизден Москвага жиберип жүргөнүңүздү биздин чоңубуз интернеттен билиптир. Бул пенсионердин колунан келбейт го…
Жумушумдан атайы баш тарттым. Албетте, кирешем азайды. Бирок көңүлүм Бишкекке ооп туруп алды. Балдарым да Бишкекке көчүп келсек деп болбой коюшту.
Фондумду өзүмдүн чогулткан акчамдын эсебинен каржылайм. Мурда кирешем жакшы болчу, мугалимдерден жакшыраак жашачумун, бирок миллиардер эмесмин.
— Конкурстарды өз гана акчаңызга өткөрөсүзбү?
— Мен муну атам Санжарбек Данияровдун фондунун атынан жасайм. Бул фондду 2010-жылы каттатып, ошондон бери ушул ишти алып барып келем.
Менин бир принципиалдуу көз карашым бар — таптакыр грант алгым келбейт. Дегинкиси бул мен үчүн кыйын эмес, себеби эл аралык компанияларда иштөө жагынан тажрыйбам жетиштүү. Бирок, биринчиден, эл мени катыш-тааныштары көп, колдоочулары бар адам катары кабыл алышын каалабайм. Экинчиден, мени өкүнткөнү — Кыргызстанда "берсең, жедим" дегендей ой менен гана жашап калган адамдардын чоң катмары калыптанып калган.
Албетте, эл аралык гранттар менен каржыланчу долбоорлорду өзүнө аябай жаккан үчүн чын дилинен ишке ашырып жаткандар бар. Бирок көпчүлүгү үчүн бул — киреше булагы, алар гранттын эсебинен маяна алышат. Менимче, бул жакшы эмес. Киреше канчалык аз болсо да, кыргызстандыктар өз келечегин өзүлөрү каржылоосу керек.
Ар бир адам маданияттын өнүгүшүнө өз салымын кошкондо гана биз анын гүлдөп өсүшүнө жетебиз. Эл Атамбаевди, спикерди, өкмөт башчыны жамандайт, бирок өзүлөрү салык төлөбөйт, кайсы жакты караба – алдым-жуттумчулук, текебердик, унааларын каалаган жерге токтотуп коюшат. Анан мамлекет акчаны кайдан алсын?
— Балким алар салык баары бир сол чөнтөккө солонуп кетет деп ойлошсо керек…
— Мунун ишке эч тиешеси жок. Өңгөнү коюп, алгач өзүңө талап коюшуң керек. Ошондо гана башкалардан бир нерсе талап кылганга акың бар.
Бул элди ээрчиме, оома кылып коёт, мен болсо мындайды каалабайт элем.
Беш-он жылдан кийин биздин өлкө кандай абалга келери азыр башталгыч класстын мугалимдеринин ишине жараша болот. Айылдын мугалимдери жөнүндө айтып жатам. Эгер Россияда калктын үчтөн экиси шаарда жашаса, бизде, тескерисинче, калктын ошончо бөлүгү элетте турат.
Мугалимдерди канчалык сыйлабайлы, бул кесип эң аз акча төлөнүүчү жана ага жараша кадыр-баркы жок ишке айланды! Жалпы республикалык тесттин жыйынтыктарын карап көргүлө, мугалимдик окууга баргандардын баарынын упайы аз.
Демек, өлкөнүн келечегин билими эң төмөн адамдар тарбиялап, өстүрүп жатат. Буга тез арада чара көрүш керек.
— Маянаны көтөрүппү?
— Ооба, бирок беш-он пайызга эмес, эл мектепте иштегиси келгидей көтөрүш керек. Педагогикалык окуу жайдын ар бир бүтүрүүчүсү башталгыч мектептин мугалими болгусу келгидей кылыш керек. Жок дегенде 70 миң сомго жетсин. Жарды мамлекетибиз үчүн бул өтө чоң акча, бирок бизде мугалимдер да көп эмес.
— Сынак туурасында кененирээк айтып бериңизчи.
— Менин Москванын борборунда жакшы, чоң батирим бар. Бир күнү мага "башталгыч класстын мугалимдери үчүн Москвага маданий-агартуучулук саякат уюштурсам кандай болот?" деген ой келди.
Бул сынакты беш жылдан бери өткөрүп жүрөм. Жеңүүчү Москвага барып келүүгө мүмкүнчүлүк алат. Он күн ичинде ал көп нерселерди көрүп үлгүрөт. Андайды Москвада өмүр бою жашагандар да көрбөйт. Мен жөн гана жол киресин төлөп бербестен, алар менен 24 саат бою бирге жүрөм.
Эч качан эч нерсе көргөн эмес экен. Кечинде ага Интернетти пайдаланганды үйрөттүм. Эртең менен туруп карасам эле, Afisha.ru сайтына кирип алып өзүнө маршрут тандап отурат.
Гастарбайтерлер Москвага келгенде калктын эң интеллигенттүү деп атоого болбой турган гана бөлүгүн көрөт. Менин мугалимим болсо дүйнөлүк деңгээлдеги балетти көрүп,операга, драмалык спектаклдерге барат. Биз Третьяков галереясын, Пушкин атындагы көркөм сүрөт музейин, дагы башка музейлерди кыдырып, Москва суусу менен катерде саякаттайбыз.
— Мугалимдерди кантип тандайсыз?
— Биринчи баскычта мугалимдер орус же кыргыз тилинде дилбаян жазышы керек. Менин калыстар тобумда эки тилди билгендер бар.
Анын курамына өзүм тандаган жана мен өтө сыймыктана турган адамдар кирет. Калыстардын төрагасы — Арабаев атындагы университеттин доценти Миргүл Эсенгулова. Орус жана кыргыз тилин окутуучулар, мугалимдер, эксперттер, жогорку деңгээлдеги адистер: Кыргыз билим берүү академиясынын кызматкерлери Мира Мыкыева жана Асылбек Дөөталиев, жеке менчик мектептин директору Бактыгүл Калмамбетова, мугалимдер Замира Момункулова жана Софья Барелко, ББОУБдун коомчулук менен байланыш боюнча адиси Чынара Батракеева, эксперт Жаркын Рыскулова кирет.
Алар өз ишин кынтыксыз аткарып, чын дилден иштеп беришет.
— Дил баяндын темалары кандай?
— Мисалы, "Окуучуларым мени эмнеге үйрөтөт?" же "Мугалимдер балдарды тарбиялоо ишинде ата-энелердин шериктеши" деген темалар. Албетте, мен баалоо ишине катышпайм, жөн гана көчүрүп алынган эмеспи, ошону текшерем.
— Мугалимдер да башка бирөөнүн жазганын уурдайбы?
— Андай учурлар толуп жатат! Орус тилиндеги дил баяндардын 90 пайызы —плагиат. Кыргыз тилдүү мугалимдер арасында мындайдын аз болушу, менимче, булактардын аздыгынан гана.
— Катасы жок жазышабы, жок дегенде?
— Бир сыр ачайынбы? Силер, журналисттер, мугалимдердей эле ката жазасыңар. Мени түйшөлткөнү ушул. Грамматикалык каталарды жек көрөм!
Албетте, мугалимдер ката кетирет, бирок бул сынак үчүн башкы көрсөткүч эмес. Ошентсе да, жалпы сабаттуулук эске алынат.
— Сынактын экинчи баскычындачы?
— Мугалимдер Бишкекке келишет. Алар, мисалы, "Китеп окуу адаты" сыяктуу темада билдирүү жасашат. Андан соң алар биздин суроолорго жооп берет. Алынган упайлардын негизинде жеңүүчү аныкталып, өз дил баянын жөнөткөн ар бир катышуучуга сертификат берилет.
Бул сынакта дагы байгелер каралган: мен алгачкы үч орунду ээлегендердин классындагы окуучулар үчүн Бишкекте экскурсия уюштурам. Билсеңиз, шаарга жакын айылдарда жашаган балдардын арасында да Бишкекти көрө электер же кийим-кече сатып алганы гана келип-кеткендер бар.
Менин байкоом боюнча, айрыкча эркек балдар селфи жасаганды жакшы көрөт. Экскурсия башталгандан бүткөнгө чейин алар өзүлөрүн сүрөткө тартып жүрүп отурат. Спектакль кандай гана өчкүс таасир калтырды дейсиз! Бизде ушундай жакшы оюндар коюлат дейсиз, бирок бишкектик балдар да аларга көп барбайт. Алайда же Ала-Букада жашагандарды айтпай эле коёлу.
Балдар опера менен балеттин айырмасын билбей чаташат, ишенесизби? Бул жөнүндө аларга айтып берген киши жок. Скульптура, живопись деген эмне экенин билишпейт. Бишкекке келүү алар үчүн чоң окуя.
Эл балдарын түрдүү ийримдерге алып барып, тилдерди окутуп, бирок ошол эле учурда алар менен сүйлөшүп, маек курушпайт. Терезеден көрүнгөн күндүн, тоонун кооздугу жөнүндө кеп кылышпайт. Мунсуз алар жашоону кантип үйрөнөт?..