Актриса, модель, "Кыргызстан сулуусу-2014" жана "Интернет KG сулуусу-2012" наамдарынын жеңүүчүсү Айкөл Аликжанова хиджап кийди. Сулуу кыздын мындай кадамы социалдык тармактарда катуу талкуу жаратты.
Жашоо образын, ишенимин өзгөртүүгө эмне түрткү болгондугун Аликжанова өзү айтып берди.
— Мындай чечим кабыл алууга эмне түрткү болду?
— Мен өзүм эле ушундай деп чечтим. Жакындарым да колдошту. Мен бактылуумун.
— Социалдык тармактын колдонуучулары кандай кабыл алышты?
— Чоң колдоо табам деп ойлогон эмесмин. Бирок бир сутка ичинде 400 комментарий жазылып, 10 миң адам "жакты" деген белгини басыптыр. Эл менин чечимимди колдой турганын жазып, ден соолук, бакыт каалашты.
— Жагымсыз сөздөр айтылган жокпу?
— Бир нече гана жагымсыз пикирлер жазылды. Бирок алардын ишеним тууралуу толук маалыматтары жок болгондуктан терс пикирде болушса керек. Мүмкүн, алды кийин алар дагы ушул багытка келишет. Мен аларга тек гана жакшылык каалайм.
— Мындай чечимиңиз карьераңызга тоскоолдук жаратпайбы?