БИШКЕК, 26-сен. — Sputnik. Актриса Анжелина Жоли күйөөсү Брэд Питт менен ажырашып жатканы баарына маалым. Ал Голливуддагы үйүнөн Калифорния штатынын Малибу аймагындагы коттеджге келгенин басылмалар жазып чыгышты. Бул туурасында РИА Новости жазды.
See Angelina Jolie's $95k-a-month secret Malibu fortress https://t.co/oCWYGnrqbW pic.twitter.com/7W1oJMGTY8
— Daily Mail Celebrity (@DailyMailCeleb) 24 сентября 2016 г.
TMZ басылмасынын маалымдашынча Жоли балдары менен убактылуу жашай турган үйүнө келди. Океан жээгиндеги бул жайды актриса айына 95 миң долларга ижарага алды. Жоли бул үйдү ажырашуу боюнча документтер даяр болгуча үч жумага алганы айтылууда.
Эске салсак, Голивуддун эки жылдызы 2014-жылы расмий үйлөнүшкөн. Буга чейин алар чогуу жашап келишкен болчу. Алардын асырап алгандарын кошкондо алты баласы бар.