Анжелина Жоли жолдошу Брэд Питт менен ажырашмай болду

© AFP / CARL COURTБелгилүү актриса Анжелина Жолинин жана жолдошу атактуу актер Брэд Питтин архивдик сүрөтү
Белгилүү актриса Анжелина Жолинин жана жолдошу атактуу актер Брэд Питтин архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Анжелина Жоли менен Брэд Питт 2014-жылдын август айында баш кошушкан.

БИШКЕК, 20-сен. — Sputnik. Белгилүү актриса Анжелина Жоли жолдошу атактуу актер Брэд Питт менен ажырашуу үчүн сотко кайрылганын Рейтер агенттигине таянуу менен РИА Новости жазып чыкты. 

Анжелина Жоли: качкындарга гуманитардык жардам көрсөтө албай калдык
Билдирүүгө ылайык, Жолинин жактоочусу бул маалыматты тастыктаган.

Актриса сотко кечээ кайрылганы айтылууда. Ажырашуунун себеби катары Жоли жубайы менен болгон пикир келишпестиктерди атаган. Мындан тышкары, актриса жуптардын алты баласы тең анда калышын өтүнгөн. Ал эми Питт алар менен каалаган учуруда жолугуп, юридикалык жактан балдардын камкорчусу бойдон кала бермекчи.

Маалыматтарга караганда дүйнөлүк аты бар актриса ажырашууга Питтин тарбиялоо ыкмалары менен келише албаганынан улам барган.

Анжелина Жоли менен Брэд Питт 2014-жылдын август айында баш кошушкан. Алар 2004-жылы «Мистер и миссис Смит» тасмасы тартылып жатканда жолугуп, ошондон бери чогуу жашап келишкен. Жубайлардын өздөрүнүн үч баласы болсо, дагы үч наристени асырап алышкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0