БИШКЕК, 23-сен. — Sputnik. ФБР актер Брэд Питтин балдарына жасаган катуу мамилеси боюнча иликтөө ишин ачышы мүмкүн. Бул туурасында РИА Новости Ассошиэйтед Пресске таянып кабарлады.
Ведомствонун өкүлү Лора Эмиллер ФБР басылмалар жазгандай, Питтин балдарына жасаган урду-сокту мамилеси боюнча маалыматтардан улам иликтөө ишин баштоону карап жатат. Питт жубайы Анжелина Жоли жана балдары менен учуп-конуп жүргөн учурда жаалданып, урушуп тим болбостон, чаап жибергендиги үчүн күнөөлөнүүдө.
Аптанын ортосунда Жоли азырашууга арыз бергендиги маалым болгон.
Ал арада француз актриса Марион Котийяр үн катты. Бир катар басылмалар Брэд Питт менен Анжелина Жолинин ажырашуусуна дал ушул аялды күнөкөр деп жазып чыккан. Себеби буга чейин алар биргелешип тартылган "Союздаштар" тасмасында жакын болуп кеткен деген маалыматтар айтылган.
Актриса жылдыздуу түгөйлөрдүн ажырашуусуна себепкер эместигин жана эч кандай сүйүү оту жанбаганын билдирген. Котийяр балдарынын атасы жана жакшынакай жубай бардыгын баса белгилеп, ал жашоосундагы эң сүйүктүү адамы экендигин айткан.
Ажырашуунун себеби катары Жоли жубайы менен болгон пикир келишпестиктерди атаган. Мындан тышкары, актриса жуптардын алты баласы тең анда калышын өтүнгөн. Ал эми Питт алар менен каалаган учуруда жолугуп, юридикалык жактан балдардын камкорчусу бойдон кала бермекчи.