Бишкек, 20-сен. – Sputnik. Айрым жылуулук тармактарын оңдоп-түзөө иштеринен улам айрым көчөлөр жол кыймылы үчүн жабылганын Бишкек мэриясы билдирди.
Капиталдык курулуш башкармалыгынын маалыматы боюнча учурда Чүй проспектисинен Москва көчөсүнө чейинки Гоголь көчөсү жана Бөкөнбаев көчөсүнүн Тыныстановдон Раззаковго чейинки бөлүгү жабылды.
"Көчөлөрдүн жабылышы жылуулук тармактарынын ремонту менен байланыштуу. Оңдоп-түзөө иштери сентябрдын ортосунда башталып, Гоголдо 8-декабрь, ал эми Бөкөнбаев көчөсүндө 17-октябрь күнү соңуна чыгат", — деп айтылат билдирүүдө.
Мындан улам Бишкек мэриясы автотыгындын алдын алуу үчүн жолдун альтернативдүү багытын аныктап алууну сунуштайт.