БИШКЕК, 20-сен. — Sputnik. Президент Алмазбек Атамбаевди Стамбулдагы аэропорттон медициналык замбилге салып, Тез жардам кызматынын унаасы ооруканага шашылыш түрдө алып кеткен видоесун Haberler сайты таратты.
Haberler сайтынын билдиришинче Атамбаев Түркияда дарыланып, доктурлардын тыкыр көзөмөлүндө болот. Дарыгердердин коштоосунда жеке менчик учак менен Түркиянын Эге аймагына учуп кеткен.
Эскертсек, Кыргызстандан Нью-Йоркко БУУнун Башкы ассамблеясынын кезектеги жыйынына бараткан учурда президент Алмазбек Атамбаевдин саламаттыгы начарлап, делегация Стамбулга конууга аргасыз болгон. Атамбаев алгачкы медициналык кароодон өткөн. Мындан улам өлкө башчысы 10 күнгө эмгек өргүүсүнө чыккан.