Президент Исхактын үй-бүлөсүн турак-жай менен камсыздоону тапшырды

Жазылуу
Буга чейин картондо уктап калган Исхактын үй-бүлөсүнө өкмөт тараптан материалдык жардам көрсөтүлгөн.

БИШКЕК, 19-сен. — Sputnik. Президент Аламазбек Атамбаев картондо уктаган Исхак Үсоновдун үй-бүлөсүнө турак-жай берүү тапшырмасын бергенин өлкө башчынын маалыматы кызматы билдирди. 

Facebook социалдык тагмагынан тартылган сүрөт. Картондо уктап жаткан 3 жашар Исхак - Sputnik Кыргызстан
Ош: Исхак бир айлык бөбөгү менен реабилитациялык борборго жайгаштырылды
Буга чейин соцтармакта Ош облусундагы болжол менен Кара-Суу базарында картондун үстүндө уктап жаткан баланын сүрөтү талкууга алынган. Кийинчерээк ал баланын аты Ихсак экени, апасы Зулфия Үсөнованын төрт баласы бар экени аныкталган. Мындан сырткары, үй-бүлөнүн жашаган жери жана документтери жок болгону белгилүү болгон. 

Эске сала кетсек, Исхактын үй-бүлөсүнө өкмөт тараптан да материалдык жардам көрсөтүлгөн. 

Президенттин тапшырмасынын аткарылышына вице-премьер Гулмира Кудайбердиева жана өкмөттүн Ош облусундагы өкүлү Таалайбек Сарбашевге жооптуу болмой болду. 

Мындан сырткары, президент өлкө боюнча эне-бала укуктарынын корголушун талдап чыгууну тапшырды.

Жаңылыктар түрмөгү
0