Кара-Сууда көчөдө картондо уктаган бөбөктүн үй-бүлөсүн батирден чыгарып коюшкан

© Sputnik / Жоомарт УраимовFacebook сцалдык тармагынн Лайли Камаловна аттуу колдонуучунун бетинен тартылып алынган кадр. Картондо уктап аткан бала
Facebook сцалдык тармагынн Лайли Камаловна аттуу колдонуучунун бетинен тартылып алынган кадр. Картондо уктап аткан бала - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Баланын аты Исхак, ал 3 жашта. Ал апасы ишин аяктаганга чейин картондо уктаган.

Сүрөтү социалдык тармактарда катуу талкууланып жаткан кичинекей баланын апасы эмне үчүн баласы Ош облусундагы Кара-Суу базарынын жанында картондо уктап жатканын Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына айтып берди.

35 жаштагы Зульфиянын айтымында, аларды жашап жаткан үйүнөн акчасын төлөбөгөндүгү үчүн чыгарып салышкан. 

"Мен Савай айыл өкмөтүнө караштуу Кең-Сай айылынан миң сомго батир алып жашачумун. Азыр акчам жок болгондуктан ал жактан чыгарып салышты", — дейт ал.

Анын айтымында ал эки жолу турмушка чыккан. Экинчи күйөөсү 2015-жылы ноябрда Бишкекке иштегени кетип, андан бери үй-бүлөсүнө эч кандай жардам берген эмес.

"Менин 4 балам бар. Экөө кыз, экөө уул. Кечээ базарга чыккан элем. Кичүүм уктап калып, аны коляскага жаткырдым. Ал эми үчтөгү Исхак түштөн кийин эле уктап калгандыктан, алдына кагаз картон төшөп жаткырып койгом. Бир маалда базардын кароолчусу келип, башына бир нерсе коюп жаткызсаңчы деди. Биз ишти бүтүп, анан кеттик",— деди Исхактын энеси.

Президент Алмазбек Атамбаев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Атамбаев Кара-Суунун базарында картондо уктаган баланын чоо-жайын тактоону тапшырды
Райондук социалдык өнүгүү башкармалыгынын башчысы Куттубек Абдылдаев бул үй-бүлөгө өкмөттүн Ош облусу боюнча өкүлү тарабынан кийим-кече, тамак-аш түрүндө 10 миң сомдук жардам бериле тургандыгын айтты. Андан сырткары Кара-Суу районунун акими Тилек Матраимов да 10 миң сом каражат бөлүүнү убада кылган.

Кара-Суу райондук социалдык өнүгүү башкармалыгынын бөлүм башчысы Эрмек Батыров, аталган жагдай боюнча маалымат келип түшкөндөн кийин алардын кызматкерлери аялды издегендигин айтты.

Бирок, Зульфия аларга жолуккусу келген эмес. Батыровдун айтымында, башкармалык балдардын ден соолугуна кооптуулук жаралып жатса документтерин ырастап, андан сырткары социалдык мекемелерге убактылуу жайгаштыруу максатын көздөгөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0