БИШКЕК, 16-сен. — Sputnik. КМШнын мамлекет башчыларынын кезектеги саммити Москвада 2017-жылы 11-октябрда өтөт. Мындай чечим Бишкекте жума күнү КМШнын өлкө башчылары тарабынан кабыл алынды.
"КМШга 2017-жылы төрагалык кылуу маселеси каралды. Россиянын президентинин сунушу менен кезектеги саммити Москвада 2017-жылы 11-октябрда өтө турган болду",— деп билдирди КМШнын аткаруу комитетинин катчысы Сергей Лебедев кеңейтилген отурумда.
16-сентябрда Бишкек шаарында Кыргызстандын жетекчилиги менен КМШ лидерлеринин 25-отуруму өтүп жатат.