Бишкек шаарындагы "Манас" эл аралык аэропортуна конгон Белоруссия президенти Александр Лукашенкону өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков боорсок менен тосуп алып, "Кыргызстанга кош келиңиз", — деди. Ал эми Лукашенко өз кезегинде боорсоктон ооз тийип, ыраазычылыгын билдирди.
Белгилей кетсек, Лукашенко Бишкек шаарында өтө турган КМШ лидерлеринин самитине катышуу үчүн келди. Аталган саммит 16-сентябрь күнү өтөт.