БИШКЕК, 15-сен. — Sputnik. КТРК жетекчиси Илим Карыпбеков "Ата Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаевге чың ден соолук каалап, сабырдуулукка чакырды. Бул тууралуу башкы каналдын директору Facebook социалдык тармагындагы өздүк баракчасына жазып чыкты.
Эске сала кетсек, буга чейин "Ата Мекен" фракциясынын лидери маалымат жыйында КТРК бийликти гана чагылдырып, калыстык кылбай жаткандыгын айтып, Карыпбековго карата кескин сын айткан.
"Өмүрбек Текебаевдин мага карата айтылган сөздөрүн толугу менен видеодон көрүп чыктым. Анын кайрылуусунда кылмыштуулуктун белгилери бар-жогун тиешелүү органдар аныктайт. Жеке мен саясий кайрылуу катары гана кабыл алып, сотко берүү тууралуу ойлонгон жокмун. Ошол эле учурда депутат тарабынан айтылган сындар толугу менен эске алынарын айткым келет. Ал эми Өмүрбек Чиркешовичке чың ден соолук каалап, сабырдуулукка чакырам", — деди Карыпбеков.
Ал өз сөзүндө мындай абалды каршылаш тараптар өз кызыкчылыгы үчүн пайдаланып жибериши мүмкүн экенин кошумчалады.