БИШКЕК, 30-авг. — Sputnik. Кечээ күндөн тарта Кыргызстандын чек ара кызматтары күчөтүлгөн режимде иштей баштады. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына Мамлекеттик чек аранын төрагасы Абдикарим Алимбаев билдирди.
Анын айтымына караганда чек ара кызматы 29-августтан тарта өлкө эгемендүүлүгүнүн 25 жылдык мааракесине карата күчөтүлгөн режимде иштей баштады.
"Кыргыз-өзбек чек арасы Үңкүр-Тоодогу кырдаалга байланыштуу 22-августтан тарта күчөтүлгөн режимде кайтарылып жатат. Калган чек арачылар кечээ күндөн тарта өлкөнүн эгемендүүлүк майрамына карата катуу тартипте иштей баштады. Мындай режим Өзбекстандагы абал жана бүгүнкү теракт менен байланышы жок", — деп билдирди Алимбаев.
Төрага Үңкүр-Тоодогу кырдаал азырынча өзгөрө электигин билдирди. Кармалган төрт жаран дагы деле мекенге кайтарыла элек. Ал эми Өзбекстандын милиция кызматкерлери талаштуу аймактан чыгып кете элек.