Бишкек мэриясы "Манас" аэропорту тараптан борборго кирген жолго кооздолгон тосмолорду орнотууда. Дарбазалар Фучик көчөсү менен Жибек Жолу проспектисин бойлой тургузулду.
Шаардын бийлиги КМШ президенттеринин саммитине ушундайча даярдык көрүп жатат. Жыйын Бишкекте 16-17-сентябрь аралыгында өтөт.
Тосмонун жалпы узундугу 7 миң 116 метрди түзөт. Ал 20 миллион 740 сомго бааланган.
Тендерди "Антенор", "Жумгал Суу Курулуш" жана "АлЭрУн Групп" ишканалары уткан.
Дарбазаларды орнотуудан тышкары борбордун көчөлөрү иретке келтирилип жатат.