БИШКЕК, 14-авг. — Sputnik. Казакстандын Актөбө шаарындагы терактыдан кийин террордук кооптуулуктун "сары" деңгээли 2017-жылдын 15-январына чейин улана турганын өлкөнүн Улуттук коопсуздук комитетине таянуу менен РИА Новости жазып чыкты.
Эскерте кетсек, июнь айынын башында бир нече адамдан турган топ Актөбөдөгү курал дүкөнүнө жана аскер бөлүгүнө кол салып, шаарда антитеррористтик операция режими киргизилген. Кол салуунун натыйжасында сегиз киши өлтүрүлүп, анын үчөө — аскер кызматкерлери экени айтылган.
Андан кийин күч түзүмдөрү 18 кылмышкерди жок кылып, тогуз кишини колго түшүргөн. Терактыга шектелгендер "салафизм" диний агымынын өкүлдөрү экени маалым болгон.