БИШКЕК, 8-авг. — Sputnik. Түркиянын Байланыш министрлиги Sputnik агенттигинин сайты иштей баштады. Бул тууралуу Sputnik бюросунун башчысы Махир Бозтепе билдирди.
"Эртең мененки саат 10.00дөн баштап элден сайт жеткиликтүү болуп калганы тууралуу билдирүүлөр келе баштады. Биз маалыматты текшерсек, сайт иштеп калыптыр. Андан соң өлкөнүн Байланыш жана телекоммуникация министрлигине таянуу менен сайттын блоктон чыкканы тууралуу билдирүү келди. Учурда сайт иштеп жатат", — деди ал.
Анкара Sputnik сайтын апрелдин соңунда жапкан. Ошол эле учурда башкы редактору Турал Керимовду аккредитациядан ажыратып, өлкөгө кирүүсүнө жана жашоосуна тыюу салган. Кийинчерээк Түркиянын вице-премьери Нуман Куртулмуш Керимов коопсуздук кызматынын сунушу менен өлкөгө кирбей калганын айткан.
Sputnik Түркия жабылгандан кийин агенттик өзүнүн материалдарын Facebook баракчасында instant article форматында чыгарып келген. Мындан тышкары, Түркияда iOS жана Android тиркемелери иштеп, окурмандар сайттын материалдары менен кабардар болуп келишкен.