БИШКЕК, 8-авг. — Sputnik. Өзгөндө үч жашар бала сууга агып кеткендигин ӨКМ билдирди.
Маалыматка ылайык, кечээ, 7-августта Өзгөндүн Дөң-Булак айылында үч жашар бала ойноп жүргөн жеринен Шайбек каналына түшүп кеткен. Куткаруучулар туугандары менен биргеликте издөө иштерин жүргүзүп, ушу кезге чейин таппай келишет.
Ал эми Ош шаарында Гагарин көчөсүн бойлоп аккан Увам каналына агып кеткен 37 жаштагы кишинин жансыз денеси куткаруучулар тарабынан табылган. Анын сөөгү туугандарына өткөрүп берилди.