00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
7 мин
Личный интерес
Интернет вместо учебника: почему молодёжь лучше запоминает историю через живые форматы
16:08
41 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
4 мин
Экономикалык панорама
Бизнес кеңешчи учактагы экинчи учкучтайбы?
17:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
9 мин
Тема дня
Микрокредиты: мифы, ставки и реальность - глава АМФО о том, как устроен рынок
18:11
42 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
6 мин
Кеменгер
«Октябрь революциясынын бешиги». Сүлүктү шаары жөнүндө баян
19:07
53 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
9 мин
Максимальный репост
Устал отдыхать: психолог - о том, почему длинные выходные не восстанавливают
20:10
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Жылуу мезгилде сак бол! Тамактан уулануунун кантип алдын алабыз?
21:05
47 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
3 мин
Будь в курсе
Село Оттук и «Монументы Победы»: как восстанавливают памятники ВОВ в Кыргызстане
08:04
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Ажылыктын талаптары кандай өзгөрдү — ажылыкка 6060 кыргызстандык барат
09:05
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:00
4 мин
Тема дня
Кто управляет вашим домом: как работают ТСЖ и что меняет новый законопроект КР
10:04
40 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Улуу Жеңиштин 81 жылдыгы жана "Өчпөс полк" жүрүшү
11:04
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
Кто переписывает историю и зачем: разговор с историком Эсеном Усубалиевым
12:05
49 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Жакынкы Чыгыштагы кырдаал Кыргызстандын туристтик рыногуна таасирин тийгизеби?
13:04
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Жума жыйынтыгы
Апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңы Конституция жарга такайбы же керекке жарайбы? Эксперттердин пикири

Жазылуу
Референдум жолу менен Конституцияга өзгөртүү киргизүү демилгеси көтөрүлдү. Эгерде жаңы долбоор элдин элегенинен өтүп, колдоо тапса Конституция өзгөрөт. Аталган кадам бизди кандай жолго алып барарына Sputnik Кыргызстан агенттиги кызыгып көрдү.

Референдум өткөрүү менен Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүүнү КСДП, "Өнүгүү-Прогресс", "Кыргызстан" жана "Республика-Ата-Журт" фракциялар сунуштап жатат. КСДПнын лидери Иса Өмүркуловдун айтымында, бул кадам баш мыйзамдагы кемтиктерди бүтөйт. 

© Sputnik / Табылды КадырбековКСДПнын лидери Иса Өмүркулов
Депутат Иса Омуркулов - Sputnik Кыргызстан
КСДПнын лидери Иса Өмүркулов

"Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү демилгесин көтөрүп чыктык. Референдум буюрса кеч күздө өткөрүлөт. Бул кадамга барганыбыздын негизги максаты бийлик бутагындагы тең салмактуулукту кармап калуу болуп саналат", — деди Өмүркулов. 

"Ар-Намыс" партиясынын лидери, экс-депутат Феликс Кулов Конституцияны өзгөртүү боюнча сунушун буга чейин эле президентке айтканын белгилейт. 

© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев"Ар-Намыс" партиясынын лидери, экс-депутат Феликс Кулов
Феликс Шаршенбаевич Кулов —  государственный и политический деятель, председатель партии «Ар-Намыс». - Sputnik Кыргызстан
"Ар-Намыс" партиясынын лидери, экс-депутат Феликс Кулов

"Мен өзгөртүүлөрдү буга чейин эле президентке сунуштагам. Азыркы долбоордо да окшош жерлери бар экен. Бирок мен айрым сунуштар менен макул эмесмин. Мисалы, вице-премьер болгон эл өкүлүнүн мандаты сакталышы керек деген туура эмес. Анткени ал өкмөт башчыга баш ийбей коюшу мүмкүн. Бул туура эмес", — деди Кулов. 

Анткен менен ал жаңы демилгеде жакшы сунуштар да бар экенин белгилейт. 

"Албетте, жакшы сунуштар жок эмес. Бирок сөзсүз толукталышы зарыл. Коомдук талкуу учурунда мен дагы өз сунуштарымды берем. Менин оюмча президенттин партиясы жок болушу керек. Ал бир партиянын кызыкчылыгын көздөгөнү туура эмес. Азыркы мыйзам боюнча президент партия курамынан убактылуу эле чыгат. Мындай болбошу керек", — деди экс-депутат.

© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев"Бүтүн Кыргызстан" партиясынын лидери Адахан Мадумаров
Адахан Мадумаров - Sputnik Кыргызстан
"Бүтүн Кыргызстан" партиясынын лидери Адахан Мадумаров
"Бүтүн Кыргызстан" партиясынын лидери Адахан Мадумаров Конституциянын жаңы долбоору жең ичинен жазылган деген ойдо.

"Долбоор жең ичинен жазылып, Конституциялык кеңешмеден өткөн жок. Андыктан бул бара жаткан жол туура эмес деп айтаар элем. Учурда бийлик бир партиянын колуна өттү. Конституция боюнча парламент башкарыш керек эле", — деди Мадумаров. 

Серепчи Бакыт Бакетаев баш мыйзамды өзгөртүү акырындык менен жүрүшү керек деген ойдо. 

"Заман күн сайын өзгөрүп жатат. Ошого байланыштуу Конституцияны да өзгөрткөн туура. Бирок секирик менен эмес, жаңы кадамдарга акырындык менен барышыбыз керек", — деди Бакетаев. 

Ал эми Кыргызстан элдеринин ассамблеясынын жетекчиси Токон Мамытов өзгөртүүлөрдү киргизүү демилгесин колдоого ала турганын кошумчалады. 

Кыргыз Республикасынын конституциясы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Референдум: Конституция кандайча өзгөрөт?
"Учурдага Конституциябызга алты жыл болду. Андан бери көп нерсе өзгөрдү. Ошондуктан азыр өзгөртүү учуру келип туру. Бул кадам менен карама-каршылыктар, боштуктар толукталат деп ойлойм", — деди Мамытов.

Кыргызстандын Конституциясы эгемендүүлүк алгандан бери сегиз ирет өзгөргөн. 2010-жылкы апрель окуясынан кийин өлкөнүн Баш мыйзамына 2020-жылга чейин өзгөртүү киргизүүгө мораторий жарыялоо чечими кабыл алынган. Мораторийди жоюу үчүн элдик референдум өткөрүү зарыл.

Жаңылыктар түрмөгү
0