Кыргызстанда бир күндө экинчи ирет жер титиреди

© AP Photo / STRСейсмограф аппараты. Архив
Сейсмограф аппараты. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Силкинүүнүн күчү очогунда беш баллга чамалап барды.

БИШКЕК, 1-авг. — Sputnik. Сейсмология институту бүгүн 1-августта саат 14.00дө очогунда күчү беш баллга жеткен жер титирөө каттаганын ӨКМ билдирди.

Эмне үчүн жер титирөөлөр болот
Маалыматка ылайык, силкинүүнүн очогу Кыргызстандын Тахталы тоо кыркаларында — Токтогул шаарынан түштүктү карай 20 чакырым, Кара-Көлдөн түндүк-батышты карай 25, Көк-Бел айылынан түндүк-чыгышты карай 5 жана Кетмен-Төбөдөн түштүк-батышты карай 15 чакырымда жайгашкан.

Мындан улам силкинүү Көк-Белде — 4-4,5, Кетмен-Төбөдө — 4,5 балл, Кара-Көлдө — 4 жана Токтогулда 3,5 балл болуп сезилди. Жер титирөөдөн жабыркагандар катталган жок.

Эскерте кетсек, бүгүн эртең менен саат 9.08де Бишкектен 35 чакырым алыстыкта күчү үч баллга жеткен жердин силкинүүсү катталган.

Жаңылыктар түрмөгү
0