БИШКЕК, 1 авг — Sputnik. Бүгүн, 1-августта саат 09:08де очогунда күчү үч баллга жеткен жер титирөө болду. Бул туурасында ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.
Сейсмология институтунун алдын ала берген маалыматына караганда, силикинүү очогу Кыргызстандын аймагында, "Теплые ключи" эс алуу борборунан чыгышты карай 5 чакырым, ал эми Ала-Арча паркынан түштүк-батышты карай 22 чакырым, Кой-Таштан түштүк-чыгышты карай 17 чакырым аралыкта жайгашкан.
Жер титирөөнүн күчү Кыргызстандын эл жашаган аймактарында, "Теплые ключи" эс алуу борборунда 3 баллга, Ала-Арчада 2 баллга жетти.