Алимбеков Нурбек Каарыевич. Өмүр баяны

© Sputnik / Табылды КадырбековДепутат VI созыва ЖК Нурбек Алимбеков
Депутат VI созыва ЖК Нурбек Алимбеков - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Нурбек Алимбеков 1975-жылы 13-мартта Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Папан айылында туулган.

Билими жогору. 1997-жылы Ош технологиялык университетин "инженер-технолог" адистиги боюнча, 2000-жылы ушул эле окуу жайын "юриспруденция" адистиги боюнча аяктап, 2007-жылы Кыргыз улуттук университеттинин экономикалык факультетин, 2012-жылы КР президентинин алдындагы Башкаруу академиясынын мамлекеттик башкаруу факультетин бүтүргөн.

Эмгек жолу:

  • 2003- 2005 —"Алимбеков" ЖИнин директору;
  • 2005-2006 — Кыргыз Республикасынын Каржы министрлигинин жетектөөчү адиси;
  • 2008-2010 — "Папан Курулуш" ЖЧКнын директору;
  • 2008-2010 — Бишкек шаардык кеңешинин депутаты, Свердлов районунун аймактык депутаттар тобунун жеткчиси;
  • октябрь, 2010 — "Республика" саясий партиясынын тизмеси менен Жогорку Кеңештин V чакырылышынын депутаты болуп шайланган;
  • октябрь, 2015 — "Кыргызстан" саясий партиясынын тизмеси менен Жогорку Кеңештин VI чакырылышынын депутаты болуп шайланган;
  • 2021-жылы Төлөйкөн шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин VII чакырылышына депутат болуа шайланды. 

Мамлекеттик кзыматтын 3-классстагы мамлекеттик кеңешчиси. 

Сыйлыктары:

Бишкек мэриясынын Жана Жогорку Кеңештин Ардак грамоталары.

Жаңылыктар түрмөгү
0