БИШКЕК, 28-июл. — Sputnik. Ош облусунун Кара-Суу районундагы "Туратали" базарынын айланасы акыр-чикирге толуп кеткенин окурман Sputnik Кыргызстан агенттигинин WhatsApp номери аркылуу жөнөттү.
© Фото / очевидца Мамрасулова А., отправленное по Whats App-каналуОш облусунун Кара-Суу районундагы "Туратали" базарынын айланасы акыр-чикир
Ош облусунун Кара-Суу районундагы "Туратали" базарынын айланасы акыр-чикир
© Фото / очевидца Мамрасулова А., отправленное по Whats App-каналу
Анын айтымында, базардын автоунаа токтотуучу жагында акыр-чикир чыгарылбай толуп кеткен.
"Алар чыгарылбастан үстү өрттөлүп, сасып, базарга келгендерге ыңгайсыздык жаратууда. Соода кылганы келген кишилер ошол жерден эле өтүп жатышат", — деп жазат окурман.
Эгер кандайдыр бир өзгөчө окуяга же жаңылыкка күбө болсоңуз WhatsApp-каналга +996 706 566 544 номери боюнча кабарласаңыз болот.