БИШКЕК, 23-июл. — Sputnik. 24-июлда өлкө аймагында жаан жаабай турганын Кыргызгидромет билдирди.
Маалыматка ылайык батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Бишкек шаарында күн 33 градуска чейин ысыса, Ош шаарында 36 градус ысык болот.
Ал эми Баткен, Жалал-Абад облустарынын дыйканчылык аймактарында күн 36 градуска чейин жогорулайт. Ысык-Көл менен Нарында 26 градус болсо, Таласта 34 градус ысыйт.