БИШКЕК, 23-июл. — Sputnik. Мамлекеттик сатып алуулар порталына Кыргызстандын Коргоо министрлиги көмүр сатып алууга тендер жарыялады.
Маалыматка караганда Коргоо министрлиги көмүрдү 14 миллион 522 миң 900 сомго сатып алууну көздөп жатат. Алынган кара алтын өлкөнүн түндүгүндөгү аскер бөлүктөрүнө каралат.
Тендер 22-июлда жарыяланып, мөөнөтү үстүбүздөгү жылдын 12-августунда аяктайт.