Эс алуу күндөрү өлкө аймагында жаан чачын күтүлбөйт

© Sputnik / Табылды КадырбековПаркта эс алып отурган киши. Архив
Паркта эс алып отурган киши. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

БИШКЕК, 22-июл. — Sputnik. Эс алуу күндөрү өлкө аймагында жаан чачын күтүлбөйт. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.

Катуу жамгырда кол чатыр кармап бараткан кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан
ӨКМ: катуу жааган жаандан улам сел жүрүшү мүмкүн
Маалыматка ылайык, Бишкек шаарында эртең, 23-июль күнү өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт, күндүз жаан-чачын болбойт. Түндөсү абанын температурасы 17…19 градус, ал эми күндүзү 29…31 градус жылуу болушу күтүлөт.

Ал эми Ош шаарында түнкүсүн өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт, күндүз жаан-чачындын ыктымалдыгы аз. Түндөсү абанын температурасы  16…18 градус, күндүз 32…34 градус жылуу болушу күтүлөт.

24-25-июлда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Жаңылыктар түрмөгү
0