Учурда 18 мамлекет Дүйнөлүк көчмөндөр оюнуна катыша турганын расмий тастыктады

Жазылуу
Экинчи Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катышууну каалагандар арыздарды 7-августка чейин жиберүүсү керек.

БИШКЕК, 22-июл. — Sputnik. Ысык-Көлдө боло турчу II Дүйнөлүк көчмөндөрдүн оюндарына катыша турганын 18 мамлекет расмий түрдө тастыктады. Бул туурасында Көчмөндөр оюндарынын катчылыгынын маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жакында эле Азербайжан мамлекети дагы бул иш-чарага катыша турганын тастыктаган нотаны Көчмөндөр оюндарынын катчылыгына жөнөткөн.

"Азербайжандык спортчулардын делегациясынын курамы жана ондун программасындагы спорттун кайсыл түрлөрүнө катыша турган спортчулар жөнүндө белгиленген мөөнөттө маалымат берилет", — деп айтылат келген катта.

21-июлга карата Экинчи Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катыша тургандыгын 18 мамлекет тастыктаган. Алар:

  1. Азербайжан;
  2. Аргентина;
  3. Армения;
  4. Бразилия;
  5. Венгерия;
  6. Гватемала;
  7. Израиль;
  8. Индонезия;
  9. Казакстан;
  10. Колумбия;
  11. Монголия;
  12. Пакистан;
  13. Перу;
  14. Башкыртстан;
  15. Словакия;
  16. АКШ;
  17. Түркмөнстан;
  18. Эквадор.

Көк-бөрү оюну. Архив - Sputnik Кыргызстан
Көчмөндөр оюнундагы көк бөрүдө жасалма улак тартылмай болду
Ошол эле учурда КРдин Тышкы иштер министрлиги, Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын катчылыгы, Жаштар, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиги, Улуттук спорт оюндарынын түрлөрү боюнча дирекциясы 36 мамлекет менен көчмөндөр оюндарына катышуу тууралуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө.

Экинчи Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катышууну каалагандар арыздарды 7-августка чейин жиберүүсү керек.

Көчмөндөр оюндары 2016-жылдын Ысык-Көлдө 3-8-сентябрда өтөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0