Ленин РИИБине көрсөтмө берүүгө келген күбөлөр имаратка батпай калган

© AFP / VYACHESLAV OSELEDKOМилиция кызматкери. Архив
Милиция кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кечээ турак-жай курулуш кооперативинин өкүлү кармалган. Анын алдамчы экени тууралуу арыз келген. Сурак берүү үчүн күбөлөр чакырылган.

БИШКЕК, 22-июл. — Sputnik. Бишкек шаарындагы Ленин райондук ИИБдин башкармалыгына кечээ аябай көп күбөлөр келгенин ШИИБдин маалымат кызматы билдирди.

Кечээ турак-жай курулуш кооперативинин өкүлү кармалган.

"Ал алдамчылык боюнча айыпталып жатат. Көрсөтмө берүү үчүн күбөлөр чакырылган. Негизинен 20-30 киши келген. Аларды кезеги менен киргизгендиктен имараттын алдына кишилер толуп кеткен", — деп ШИИБден билдиришти.

Курулуш иштери. Архив - Sputnik Кыргызстан
"Ата Мекен" түрттүрүлө турган Бишкектин борборундагы үй ээлерине эмне убадалады
Кармалган киши түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөндөн кийин бошотулган.

Өкмөттүн маалымат кызматынын билдиришкендей, интернетте турак-жай курулуш кооперативи менен өкмөт келишим түзөт деген билдирүүсү тарап кеткен. Анда өкмөттүн жарандарды турак-жай менен камсыз кылуучу программасын ишке ашыруу үчүн кытайлык инвесторлор менен келишим коюла турганы айтылган. Бирок, бул маалымат чындыкка коошпой турганын өкмөттөн билдиришкен.

Жаңылыктар түрмөгү
0