БИШКЕК, 20-июл. — Sputnik. "Бүтүн Кыргызстан" саясий партиясынын лидери, парламенттин мурдагы төрагасы Адахан Мадумаров президенттик шайлоого катышуу ниетинде. Бул тууралуу саясатчы маалымат жыйында билдирди.
Эске сала кетсек, Адахан Мадумаров буга чейин да 2011-жылы президенттик шайлоого катышып, жеңилүү ызасын тарткан. Мындан сырткары коомдук ишмер эки ирет өткөн парламенттик шайлоодо мөөрөйсүз калган.