БИШКЕК, 15-июл. — Sputnik. Кызматтагы одоно кемчиликтери үчүн Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгы жетекчиси Капар Батырканов, ИИМдин уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкы башкармалыгынын Нарын жана Ысык-Көл областтары боюнча жетекчиси Т.Мамбетакунов кызматтан алынды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Мындай чечим министрликтин кезектеги коллегиясында кабыл алынган.
Коллегияда андан сырткары Нарын ОИИББнын жетекчисинин орун басары Ч. Жусубалиев жана Талас ОИИБнын жетекчисинин орун басары У. Береналиевдер ички иштер органдарынын башка областтарына ротациялоо чечими да кабыл алынган.
Коллегияда баса белгиленген кемчиликтерди тез арада жоюу жана кыска мөөнөттө ишти жогорку денгээлде жүргүзүү керектиги эскертилип, иштеги кемчиликтери бар жетекчилерге убакыт белгиленди.